Бул тууралуу Ош шаарынын биринчи вице-мэри Таалай Сабиров маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, июндагы этностор аралык кагылышуу учурунда 730 турак-жай жана 208 коммерциялык ишкана өрттөлүп, талкаланган. Буларды калыбына келтирүү үчүн бир миллиард үч жүз миллион сом керек экени эсептелди. Таалай Сабиров шаар бийлиги бүгүн-эртең имараттарды тикелөөнү баштоого даярдыгын, бирок өкмөт тарабынан курулушка акча бөлүнө электигин билдирди. Таалай Сабиров тополоңдо жабыркагандарды бардык шарты бар көп кабаттуу үйлөр менен камсыздоо ойлорунда бар экендигин, мындай жагдай улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн кошумчалады.
Анткен менен шаардын айрым тургундары бузулган жер үйлөрүнөн көчүшпөй тургандыгын, анын ордуна өкмөт жаңы турак-жай салып берүүсү керектигин айтышууда. (ATo)
Анткен менен шаардын айрым тургундары бузулган жер үйлөрүнөн көчүшпөй тургандыгын, анын ордуна өкмөт жаңы турак-жай салып берүүсү керектигин айтышууда. (ATo)