Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:38

Президент Карзай «ВикиЛиксти» айыптады


Ооган президенти бүгүн Кабулда "ВикиЛикс" жарыялап жиберген материалдар анда аты аталган оогандыктардын өмүрүнө тете болушу мүмкүн экендигин айтып, муну «чектен ашкан жоопкерсиздик жана үрөй учурган нерсе» деп баалады. Ооган президенти батыштык өнөктөштөр Пакистанда байыр алган талиптерге каршы күрөшүп жатканын, Ооганстан өз алдынча аларга туруштук бере албастыгын айтты.

Ушул жуманын башында «ВикиЛикс» интернет сайты 2004-2009-жылдардыгы Ооганстандагы согуш боюнча АКШ армиясынын токсон миңден ашуун жашыруун материалдарын жарыялап жиберген. Андан кийин НАТОнун чалгын кызматына маалымат берген оогандыктардын аты көрсөтүлгөн он беш миң документти интернеттен алып таштаган.

XS
SM
MD
LG