Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:52

Британ премьери Пакистанды айыптаган сөзүн бышыктады


Дэвид Кэморон Пакистандын терроризмди колдоосу жөнүндө айткан сөзүн коргоп, “түз жана ачык сүйлөө” маанилүү деди. Британ премьери 29-июлда Жаңы Делиде Индиянын өкмөт башчысы Манмохан Синх менен чогуу берген маалымат жыйынында:

-Эч ким, баарынан мурда Пакистан өкмөтү өлкөдө алиги террорчул топтор, алсак, “Лашкар-э-Тайба” дагы башка жок кылынчу уюмдар бар экенине күмөн санабайт.

Британ премьер-министри 28-июлда Индиянын Бангалор шаарында Пакистандын “террорчулукту экспорттоосуна мүмкүнчүк берилбеш керек” деген болчу. Пакистандын Лондондогу элчиси Важид Шамсуд Хасан ага “Кэмерон Исламабаддын террорчулукка каршы күрөштөгү “зор ролуна” көз жумуп койууда” деп жооп берген.

Кэмерон Пакистанды сындаган биринчи сөзүн Пакистандын чалгындоо кызматтарынын Ооган талиптери менен байланышын ырастаган АКШ армиясынын жашыруун маалыматтары ачыкка чыгып кеткенден бир нече күндөн кийин жасаган.

XS
SM
MD
LG