Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Укриана 1,9 млрд. долларга бюджеттин жыртыгын жамайт


Украина Эл аралык валюта фонду - МВФтен алган 15 миллиард долларлык кредиттин 2 млрд. долларын быйылкы бюджеттик тартыштыгын жабуу үчүн жумшайт. Калган кредит Борбордук банктын корун толуктоо үчүн пайдаланыларын Украин өкмөтү билдирди. МВФ береги кредит аркылуу Украинага экономикалык кризистен оңолууга көмөктөшөт. Бирок талапка ылайык Украин тарап коомдук секторду каржылоону кыскартууга тийиш. Кредиттин 1,9 млрд. долларын Киев бир-эки күндө алса, экинчи транш декабрда келет. Мындай келишим МВФ жана Украинанын жаңы өкмөтү 28-июлда кол коюшту.

XS
SM
MD
LG