Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:56

Орусияга иштегени кеткендердин саны арбыды


Өлкөдөгү соңку апрель жана июндагы окуялардан кийин Орусияга иштөөгө кеткен кыргызстандыктардын саны өстү. Бул тууралуу Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлигинин чет өлкөлөрдө кыргыз жарандарын ишке орноштуруу боюнча борборунун жетекчиси Нурдин Тынаев бүгүн маалымат жыйында билдирди. Ал иштөөгө кеткендерди массалык түрдө деп айтууга болбой турганын кошумчалады. Анын айтымында, Кыргызстандан Орусияга 350 миң жаран иштөө үчүн кетишкен. Ал эми 2010-жылдын февраль айынан бери Түштүк Кореяга 758 адам кеткен.

Орусиянын Федералдык миграция уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Владимир Филипповдун айтымында, Орусия 1-июлдан тарта сырттан келген эмгек мигранттардын патент алуу жол-жобосун кыйла жеңилдеткен. Ага ылайык, мурда патент алуу үчүн 14 документ талап кылынса, азыр 4 документ менен 1-3 айга патент алууга болот. Бул үчүн Федералдык миграция уюмунун аймактык өкүлчүлүктөрүнө келип документтерди тапшырып жана бир айга миң рубль төлөшү керек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG