Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:13

АДП жаштары ЕККУ полициясы киргизилишине каршы


"Азаттык" демократиялык партиясынын жаштар канаты Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) полиция күчтөрүнүн Кыргызстанга киргизилишине каршы билдирүү таратты. Анда “ЕККУнун күчтөрү кийгилишкен бир катар көз карандысыз өлкөлөрдө азырга чейин тынчтык орнобой, улуттар аралык араздашуулар, ошол эле мамлекеттердин ички маселелери чечилбей, сырткы саясаты эркин болбой, а түгүл мамлекеттүүлүгү жоголуп кетүү алдында турат. Мисалы Косово, Палестина маселелери бир канча жылдан бери чечилбей, диний жана улуттар аралык араздашуулар күчөөдө”, - деп жазылат. Ошондой эле июнь айында түштүктө орун алган кандуу коогалаңдын себептери эл аралык уюмдарга көз каранды болбой дыкат иликтенип, чыныгы күнөөлүүлөр табылып, жоопко тартылышы керектиги белгиленген. Жаштар окуяга так тарыхый баа берилүүсүн талап кылышкан.

Ал эми президент Роза Отунбаева полиция куралсыз, убактылуу мөөнөткө кирерин, бул өлкө коопсуздугу үчүн жасалган кадамдардын бири экенин белгилеп келет. Ал ЕККУнун полиция күчтөрү түштүктө Кыргызстандын күч органдарына укуктук жактан сабак өтүп, кеңеш берип, мониторинг жүргүзүп, жардам беришерин айткан болчу. Р.Отунбаева бул тууралуу бүгүн Ошто жаштар менен жолуккан учурда да белгиледи. (КЕ)

XS
SM
MD
LG