Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:01

“Кыргызгеолтехкомплект” ишканасынын 11 кызматкери Өзбекстанда кармалууда


Кыргызстандагы ири кен казчу ишканаларга жардыргыч заттарды алып келип берүү кызматын көрсөткөн “Кыргызгеолтехкомплект” ишканасынын беш айдоочусу жана түштүктөгү окуяга байланыштуу аларды коштоп барган Ички иштер министрлигинин алты кызматкери сегиз күн мурда Кадамжайдан Ошко келатканда Өзбекстандын аймагына тиешелүү Жабагы аймагында кармалышкан. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган ишкананын башкы адиси Таалай Кудушев кабарлады. Анын айтымында, алар 20-июлда Бишкектен чыгып, Тажикстандан 40 тонна жардыргыч зат алып келе жаткан учурда кармалган.

“Биз дайыма эле ушул жолдон өтчүбүз. Түштүктөгү окуядан соң Өзбекстан Жабагы айылына өтмө бекет коюп коюптур. Бара жатканда эч нерсе айткан эмес. Келатканда текшерип, бул заттар чын эле геология тармагына керектелерин тастыктаган кагаз керектигин сурашты. Бирок андай кагаз кыргыз тараптан жөнөтүлүп, үч күн мурда эле бүтсө да бизди сегиз күндөн бери кармап турушат. Бул жердегилер болсо биз аскербиз деп эле кое беришпейт. Биздин үй-бүлөдөгүлөр тынчсызданып чыгып жатышат”, - деди Т. Кудушев.

“Кыргызгеолтехкомплект” бир топ жылдардан бери эле жардыргыч заттарды ташууга уруксаты бар ишкана. Таалай Кудушевдин айтымында, алар түштүктөгү коогалаңдан соң биринчи ирет чыгышкан. Бул боюнча өлкөнүн Ички иштер министрлиги маалымат жоктугун билдирди. Ал эми өзбек тараптан бул боюнча маалымат алуу мүмкүн болгон жок. (КЕ)

XS
SM
MD
LG