Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Ислам конференциясы уюму түштүктү калыбына келтирүүгө көмөктөшөт


Ислам конференциясы уюму Ош жана Жалал-Абад аймактарында чатакташкан тараптарды жараштыруу, жаңжалдан кийинки жараканы бүтөө үчүн уюмдун алдындагы бардык дипломатиялык аракеттерди көрөт. Ошондой эле аталган уюм Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө жардам берет. Бул тууралуу аталган уюмдун баш катчысынын орун басары Ал-Маннан Ал-Бахид бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди. Ал башаламандык алып келген зыян аныкталып бүткөндөн кийин Ислам тилектештигине кирген мамлекеттердин ири өлчөмдө каржылык жардам көрсөтүү программасы иштелип чыга турганын билдирди.

Уюмдун атайын делегациясы 30-июлда түштүккө барып жаңжал орун алган аймактарды кыдырып жабыркагандар менен жолугуп, абал менен жакындан таанышып келишкен. Анын алкагында президент Роза Отунбаева, вице-премьер-министр жана Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча дирекция жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG