Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:40

"Революцияны коргоо" кыймылынын биринчи курултайы өтүп жатат


Курултайда ЕККУнун куралсыз полиция күчтөрүн түштүккө киргизилишине тыюу салуу, К.Бакиевдин үй-бүлөсүн жана аларга жардам берген аткаминерлерди жоопко тартуу, үй-бүлөлүк башкарууга жол бербөө, “Тазалануу жөнүндө” мыйзам тууралуу декрет кабыл алуу, түштүктөгү окуяны адилет, калыс иликтеп, күнөөлүүлөрдү таап, жазалоо сыяктуу сунуш, талаптар бийликке жеткирилет. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган кыймылдын мүчөсү Таалайбек Айдаров кабарлады. Анын айтымында, курултайда мурдагы президенттер Акаев, Бакиевдин саясатын колдоп иштеген техникалык өкмөттүн айрым кызматкерлерин кызматтан четтетүү талабы да айтылат. Ошондой эле революциянын жеңишин коргоо маселеси каралып, өлкөдөгү абал талкууланат. Курултайга 400дөн ашуун адам катышууда. Т.Айдаров президент Роза Отунбаева жана Убактылуу өкмөттүн башка да өкүлдөрү чакырылганын, бирок алар келбегенин маалымдады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG