Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:50

Быйыл республикада 871 миң тонна эгин жыйноо пландалууда


Айыл жана суу чарба министри Маматшарип Турдукуловдун билдиришинче, бул көрсөткүч былтыркыдан 155 миң тоннага азыраак болуп саналат. Мамлекетик матрезерв дыйкандардан 3-класстагы 30 миң тонна буудайды 10 сомдон сатып алууну ниеттенүүдө. Мындан тышкары башка жактан 150 миң тонна буудайды жана керектүү айыл чарба техникасын сатып алуу үчүн каражат изделүүдө. Министр өкмөттүн жыйынында жыл сайын эгин талаалары кыскарып жаткандыгын, бул күйүүчү майдын кымбаттыгына жана минералдык жер семирткичтердин, техниканын жетишсиздигине байланыштуу болушу мүмкүндүгүн билдирген. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы кабарлады. (AzK)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG