Бүгүндөн тартып калк "көгүлтүр отун" үчүн мурдагыдан бир жарым эсе көп акы төлөй баштайт. Кыш маалында ысык суунун наркы да көтөрүлөт. Эл аралык валюта фондусу Украинага эки жарым жылдык мөөнөткө 15 миллиард доллар насыя берүүнү чечип, бул үчүн Киев өкмөтүнөн газдын баасын акырындап экономикалык жактан негиздүү деңгээлге чейин көтөрүү талабын койду. Оппозиция өкмөттүн бул чечимине каршы күзүндө элди демонстрацияларга алып чыгабыз деп билдирүүдө.