"Кассеталык бомба" деп аталган куралдын бул түрлөрүн колдонууга тыюу салган эл аралык келишимди ушул күнгө чейин отуз мамлекет ратификациядан өткөрдү. Бирок алардын арасында курал-жарактын мындай түрлөрүн жасаган жана алардын эң ири запастарына ээ болгон Кытай, Россия, АКШ өңдүү өлкөлөр жок. Келишимге Индия, Израил, Пакистан жана башка өлкөлөр да кошула элек.