Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

Чечен жол башчысы кетип, ордуна башканы калтырды


Бейрасмий чечен интернет сайты билдиргенге караганда, чечен козголоңчуларынын жол башчысы Доку Умаров ден соолугуна байланыштуу бул иштен баш тартып, ордуна Асламбек Вадаловду дайындады. Кавказсентер.ком сайтына ылайык, Умаров «жихад» согушун улантып, жаңы жетекчиликке колдон келген жардамын берип турат. Жакында Кошмо Штаттары Умаровду террористтердин тизмесине кошкон. Умаров акыркы айлардагы бир нече кол салуу, анын ичинде 29-мартта Москвада метро жардырылып, аз дегенде 40 кишинин өмүрүн алган теракт үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган. Азырынча Москвада да, Чеченстанда да бул кабарга расмий комментарий алуу мүмкүн болгон жок. Чечен бийликтери кечээ жумуриятта коопсуздук операциясынын мезгилинде эки тартип коргоочу окко учкандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG