“Куйручук” маданий борбору жарыялаган сынак театрлар арасында өткөрүлүп, анда атактуу куудулдун кызыктуу окуялары, куйкум сөздөрү, анын олуялыгы тууралуу 15 мүнөттүк сценкалар аткарылышы керек. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Борончу Кудайбергенов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, сынактын жыйынтыгы август айында өтүүчү фестивалда чыгарылат. (AJ)