Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:35

Өзгөчө кырдаал убагында шайлоо жарыялоого тыюу салынган


Бул тууралуу президент Роза Отунбаева 31-июлда Ошто аялдар менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, түштүктө өзгөчө кырдаал киргизилгенине байланыштуу парламенттик шайлоонун мөөнөтүн белгилөө кечеңдетилип жатат.

Р.Отунбаева ошондой эле айрым саясий партиялар мыйзамды каалагандай тебелеп-тепсеп, чогулуштарды өткөрүп, Шайлоо кодексинин талаптарын одоно бузуп жатышканын белгилеп, буга укук коргоо органдары көрмөксөн болуп жатканын айтты.

Маалыматтарга караганда, айрым саясий партиялар Улуттук канал жана башка массалык маалымат каражаттары аркылуу чакырык таштаган жарнамаларын чыгарып, айрым лидерлер эл менен жолугушууларды өткөрүүдө Убактылуу өкмөттүн иш аракеттерин ашкере сындашууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG