Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:20

Орусияда өрттүн кесепетинен кеминде 34 киши көз жумду


Орусиядагы адаттан тышкаркы күндүн ысышынан келип чыккан өрт жүздөгөн үй-жайды жок кылып, бери дегенде отуздан ашуун кишини өлүмгө дуушар кылды. Өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоо менен күрөштө абалды көзмөлдөп жатышканын айтышууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүндө, соңку 24 саат ичинде эле беш жүздөн ашуун жерде өрт тутанганы катталган. Орусияда мындай кырдаал акыркы 130 жылда катталган эмес. Министр Шойгу өрттүн жаңы очоктору дароо өчүрүлүп жатканын билдирсе, премьер-министр В.Путин өрт менен күрөшүүнүн чараларын караштыруу үчүн өрт болуп жаткан аймактардын жетекчилерин чукул жыйынга чакырды.

Патриарх Кирил болсо орусиялыктарды биригип жараткандан жардам сураганга үндөдү.

XS
SM
MD
LG