Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Пакистан өкмөтү британ элчисин сүйлөшүүгө чакырды


Британ Тышкы иштер министрлиги бүгүн Пакистандагы британ элчиси Пакистан өкмөтүнө сүйлөшүүгө чакырылгандыгын билдирди. Мурда маалым болгондой, британ премьер-министри Дэвид Кэмерон Индияда туруп Пакистан террочулукту экспорттоого жол берип жаткандыгын айткан. Премьер-министр Кемерондун бул айтканы британ-пакистан дипломатиялык мамилеге көлөкө түшүрдү. Пакистан президенти Али Асиф Зардали бүгүн Парижге келди, бул анын бир катар европалык өлкөлөргө боло турган иш сапарынын башталышы. Бүгүн Зардали француз президенти Саркози менен жолукса, жума аягында Лондонго сапары пландаштырылган. Ошол эле учурда айрымдар президент Зардарини Лондонго баруудан баш тартууга чакырууда.

XS
SM
MD
LG