Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

Орусияда өрт курмандыктарынын саны өсүп, президент чукул абал жарыялады


Катуу ысыктан чыккан өрттөн бүгүнгө карата 40 кишинин өмүрү кыйылды. Президент Дмитрий Медведев өлкөнүн жети аймагында чукул абал жарыялады. Мариэл, Мордова, Владимир, Воронеж, Москва, Төмөнкү Новгород жана Рязан облустарында ошондой эле элге өрт аймактарына барууга тыйуу салынды. Чукул абал министрлиги акыркы 24 саатта эле 500 жерде жаңы өрт чыкканын кабарлады. Бирок өрт өчүрүүчүлөр өз ишинде жылыш болуп, өрт жалыны пастап жаткандыгын айтышууда. Орусияда акыркы 130 жылдан бери мынчалык катуу ысык болуп көргөн эмес.

XS
SM
MD
LG