Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:39

Казарманда бүгүн митинг улантылат


Бул тууралуу митингдин катышуучусу Шайбек Арзыматов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 30-июлдан бери бир миңге чукул Тогуз-Торо районунун тургундары “Кыргыз алтын” ишканасынын жетекчиси Алмазбек Жакыповдун кызматтан кетүүсүн талап кылып митингге чыгышууда.
“Аны кызматтан алуу тууралуу президент Роза Отунбаевага, Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө кайрылганбыз. Элдин талабына азыркы бийлик көңүл бурбагандан кийин, тогузторолуктар “Макмал алтын” комбинатынын ишин токтотуп, мөөнөтсүз митинг уюштурууда”,-дейт Шайбек Арзыматов.
“Кыргыз алтын” ишканасынын жетекчиси Алмазбек Жакыпов казармандыктардын ага коюп жаткан дооматтары негизсиз экенин, митингди аны кызматтан кетирүүгө кызыкдар топ уюштурушу мүмкүн экенин “Азаттыкка” билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG