Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:47

Пакистанда селден 3 миллиондой адам жабыркады, 1400 киши набыт болду


Бириккен Улуттар уюмунун жардам күчтөрүнүн айтымында, өлгөндөрдүн саны улам өсүп жатат. Өлкөнүн түндүгүндөгү Хайбер Пахтункхва регионунда айрым айылдар толугу менен шырылып калган. Жүз миңдеген эл там-жайсыз калып, жаракат алганы айтылууда. Эл аралык Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай уюмдары алгачкы жардамды көрсөтүшүүдө. Бириккен Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун өлкөгө 10 млн. доллар жардам берилерин айтты. АКШ 10 млн. доллар, Британия 8 млн. доллар бөлөрүн билдиришти.

XS
SM
MD
LG