Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:09

Обама Ирактан аскерлерди августтун этегине чейин чыгарууну убада кылды


АКШнын Ирактагы аскерлери, буга чейин пландалгандай эле, 31-августка чейин өлкөдөн чыгарылат. Бул тууралуу президент Барак Обама америкалык согуш ардагерлеринин жыйынында билдирди. Өткөөл мезгилде коопсуздукту камсыз кылууга көмөктөшүү үчүн 50 миң аскер Иракта калары кабарланды.
Обама бул жыйында Ооганстандагы согушка да токтолду. Анын айтымында, азыр кыйынчылыктарга карабай, АКШ ооган согушунда прогресске жетишүүдө. Ооганстанда өткөн айда америкалык аскерлер эң көп жоготууга учурушкан. 66 аскер түрдүү чабуулдарда курман болгон. Андыктан америкалыктардын арасында ага каршы болгондор көбөйүүдө.

XS
SM
MD
LG