Пхеньяндагы мамлекеттик маалымат агенттиги билдиргенине караганда, бийликтер Түштүк Кореянын аскерий кемелерине чабуул коюшу мүмкүн. Бул билдирүү Түштүк Кореянын ушул бейшембиге белгиленген деңиз машыгууларына карата айтылды. Расмий Сеул ушул жылдын март айында кемесинин деңизге чөгүп кеткенин Түндүк Кореядан көргөн. Бул аптадагы деңиз машыгууларын ошого карата өткөрүүнү пландап жатат. Пхеньян болсо өзүнө коюлган айыпты четке кагып келет.