Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:02

Акыйкатчы орунбасары Т.Кошоковду сотко берди


Бул тууралуу Акыйкатчы Турсунбек Акун бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Таалайбек Кошоков ага чындыкка коошпогон айыптарды тагып, пара алат деп күнөөлөгөн. Мындайды айткан адам аны далилдөөсү керектигин айткан Т.Акун, орун басары Т.Кошоковду кызматтан алуу маселесин көтөрөрүн билдирди.

“Акыйкатчы институтундагы реформаларга ылайык, бир орун басарым Таалайбек Кошоков Ошко барып бир жыл иштемек. Ага макул болбой, үч жолу буйрук чыгарсам аткарбай койгон. Ал бир жылдан бери бекер айлык алып, ишти аткарбай келип-кетип жүрөт. Ушундан улам анын минген машинеси, айлыгы алынып, отурган бөлмөсү бекитилген. Ал бир топ жолу арызданып, мени Каржы полициясы да текшерип, эч нерсе тапкан эмес”,- дейт Т.Акун.

Айта кетсек Т.Акундун орун басары Таалайбек Кошоков 30-июлда маалымат жыйын өткөрүп, жетекчисин пара алат деп күнөөлөө менен аны Акыйкатчы институтун жетектегенге моралдык укугу жок деп айыптаган. Анын айтымында, мурда аталган институт жылына 60 миң арызды караса, Т. Акун кызматка келери менен бул сан 10 миңге түшүп калган. Ошондой эле ал көрсөткөн кызматы үчүн акыйкатчынын пара ала турганын, бул тууралуу ага жакында эле төрт аял билдиргенин кошумчалаган. Мындан сырткары Т. Кошоков аны өз майрамдарын казынадагы каражаттын эсебинен өткөрөт деп айыптап, бул дооматтарын Убактылуу өмөткө жеткирерин, эгер көңүл бурулбаса түрдүү акцияларды өткөрөрүн белгилеген. (IJz)

XS
SM
MD
LG