Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:59

Э.Үмөталиев Шанхайдын вице-мэри менен жолугушту


Кыргызстандын Экономикалык тескөө министри Эмил Үмөталиев Шанхай шаарына барып, ЭКСПО-2010 деп аталган бүткүл дүйнөлүк жарманкесинде Кыргызстандын улуттук күнүн белгилөө тууралуу жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Бүгүн Э.Үмөталиев Шанхай шаарынын вице-мэри Ай Баоцзюнь менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жаатында пикир алышты. Э.Үмөталиев Кыргызстандагы кырдаал, социалдык-экономикалык абал, өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугу тууралуу айтып берди. Ай Баоцзюнь өз кезегинде эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатынын алкагында Кыгызстанга келүүгө кызыгып турганын билдирди. (IJz)

XS
SM
MD
LG