Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:40

Карачидеги зомбулукта өлгөндөрдүн саны 45 адамга жетти


Пакистандын түштүгүндөгү Карачи шаарында кечээ жергиликтүү кеңештин депутаты Раза Хайдерди өлтүрүп кетишкенден кийин массалык башаламандык башталган. Шаардагы ондогон дүкөндөр, машинелер өрттөлүп, атышуулар болду. Өкмөт ал жакка аскерлерин киргизди. Атышуулар эртең менен да уланганы кабарланууда. Кеминде 80 киши жарадар болду.

Шаардагы мектептер, башка окуу жайлары иштебей турат. Байкоочулардын айтымында, тополоң этникалык, диний жана саясий жек көрүүчүлүктөн чыккан болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG