Бир катар укук коргоо уюмдары бардык саясий күчтөргө кайрылуу жолдоп, Кыргызстандын бүтүндүгүн сактоого жана сепаратистик коркунучту токтотууга чакырышты. Кайрылууда түштүктөгү этникалык кагылышууну жөнгө салууга көмөктөшүүчү ЕККУнун кеңеш берүүчү полиция тобуна карата Ош шаар башчысынын талаштуу билдирүүсү жана шаардык кеңештин чечими өлкө жетекчилигинин чечимине карама-каршы келери белгиленген.
"Белгисиз күчтөр ЕККУ эгемендүүлүккө коркунуч туудуруп жатат деген ар кандай калптарды айтуу менен жабыркаган калк арасында ишенбөөчүлүктү жана коркунучту жаратып, бирдиктүү кыргыз мамлекетинин кыйрашына аракет кылышууда”,-деп айтылат кайрылууда.
Укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү бардык саясий күчтөрдү атаандашууну, эрегишүүнү токтотууга, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн биригүүгө үндөдү. Бийлик жетекчилерин, Ош шаарынын жергиликтүү бийлигин ЕККУнун полициялык кеңешме тобунун келүү мөөнөтү жана алардын аткаруучу иштери тууралуу эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, так маалымат менен камсыз кылууга чакырды. (AJ)