Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:01

Бүгүн Э.Иманкожоеванын соту болот


Бүгүн Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунда президенттин администрациясынын идеология жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Эркингүл Иманкожоеванын үстүнөн сот иши болот. Бул тууралуу “Азаттыкка” Э.Иманкожоева билдирди.

Анын айтмында, ал мамлекеттик кызматка келе электе, май айында эле “Пресс.кг” гезитине интервью берип, Жогорку Кеңештин төрагасынын мурдагы орун басары, “Ак жол” партиясынын мүчөсү болгон Кубанычбек Исабеков тууралуу айткан. Анда ал К.Исабековду 7-апрелде Ак үй алдында окко учкан 87 адамдын өлүмүнө айыптуулардын бири деп күнөөлөп, эгер ал “Ак жол” партиясына мүчө болуп, шайлоо учурунда көз боемочулуктарга жол берүүгө катышпаса андай болмок эместигин айткан.

Учурда К.Исабеков Э.Иманкожоева менен “Пресс.кг” гезитинин кабарчысын “аброюма шек келтирди” деп сотко берип, 500 миң сом өндүрүп берүүнү талап кылууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG