Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:23

Балыкчыда Барктабасовдун жактоочулары саясий баракчаларды таратууда


Балыкчы шаарында "Мекен туу" партиясынын мүчөлөрү үйлөрдүн сырткы каалгаларына "Экинчи жолу алданбайлы, татыктуу президентти тандоо керек" деген баракчаларды кыстарып кетип жатышат. Бул көрүнүштү Балыкчы шаардык башкармасынын милдетин аткаруучу Мирлан Бообеков жана социал-демократтар партиясынын бул шаардагы координатору Сайракан Муканбетова тастыктады. Шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Таалай Касымбеков сүйлөшүүдөн берүүдөн баш тартты. Облустук ички иштер башкармасынын жетекчиси Жалил Илипбаев демократиялык мамлекетте мындай аракеттерге тыюу жоктугун, бирок мындан бир чыр-чатак чыгып кетсе катуу чаралар көрүлөрүн эскертти. (RB)

XS
SM
MD
LG