Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:17

У.Барктабасов Казакстанга өткөрүлүшү мүмкүн


Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Зарылбек Рысалиев бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, шаардагы коопсуздук маселеси боюнча маалымат берди.

Ал эртең 5-августта мурдагы президенттикке талапкер Урматбек Барктабасов баштаган адамдар Бишкекте курултай өткөрүүнү пландап атышканын, алардын бул иш-чарасы мыйзамсыз экендигин, анткени шаар мэриясына да, милицияга да андай маалымат берилбегенин билдирди.

Ошондой эле ал У.Барктабасов учурда Балыкчы шаарында экендигин, ага карата мурда эле кылмыш иштери козголгонун, Бишкекке келсе аны кармоо боюнча иш-чаралар уюштуруларын айтты.

З.Рысалиевдин айтымында, У.Барктабасов бир эле учурда Кыргызстандын да, Казакстандын да жараны болуп саналат. Ага карата Казакстандын тиешелүү органдары коррупциялык иштерге жана экономикалык кылмыштарга катышы бар деген шектенүү менен кылмыш ишин козгогон. Андыктан, эгер Казакстан У.Барктабасовду кармап берүү боюнча кайрылуу жөнөтсө, ал Казакстанда качып жүргөн издөөдөгү кыргызстандыктардын бирөөнө алмаштырылышы да мүмкүн.

Өз кезегинде Башкы прокуратура жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы У.Барктабасовду кармап берүү тууралуу Казакстан тараптан кайрылуу болгону же болбогону тууралуу маалыматтар берилбесин айтышууда.

Айта кетсек, 5-августта Бишкектин эски аянтында У.Бактабасов элдик курултай өткөрөрү жарыяланган. Курултайда азыркы абал, андан чыгуунун аргасы, кыргыз келечеги, Кыргызстандын келечеги кеп болору айтылган.

Ал арада “Ата мекен” жана Социал-демократтар партиялары 5-августка карата ыктыярдуу элдик кошуундарды мобилизациялай башташты. “Ата мекен” партиясынан билдиришкендей, мындай чара “5-августта Бишкекте баш-аламдык болот, митингдер өтөт” деген сыяктуу кеп-сөздөрдүн көбөйүшүнөн улам жана талап-тоноочулук орун алып кетпесин деген максатта колго алынууда

5-август күнү Бишкек шаарында күндүзү 1300 милиция кызматкери, түнкүсүн 1300 милиция кызматкери күчөтүлгөн режимде иштеп, аларга 10 миң чакты элдик кошуундардын мүчөлөрү көмөк чылышмакчы. (IJz)

XS
SM
MD
LG