Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:39

Люстрация жөнүндөгү мыйзам долбоору укук бузат


“Люстрация жөнүндө мыйзам долбоору” коомчулуктун кээ бир катмарларынын укуктарын бузат деп билдирет Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбек Акун. Бул тууралуу Акыйкатчысынын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө белгиленгендей, акыркы учурда кээ бир партия мүчөлөрү жана Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү тарабынан люстрация жөнүндө мыйзамды кабыл алуу зарылдыгы тууралуу талаптар көтөрүлүүдө жана анын негизинде мамлекеттик кызматка мурдагы «Акаевчилерди» жана «Бакиевчилерди» албоо маселеси каралган.

“Жогорудагы мыйзамды кабыл алууда анын оң жана терс жактарына токтолбогондо да бул Кыргыз Республикасынын баш мыйзамынын 16 беренесинин 2 тарамына каршы келет. Андыктан Кыргыз Республикасы өз аймагынын чегинде, өзүнүн юрисдикциясында турган бардык адамдардын укуктары менен эркиндиктерин урматтайт жана камсыз кылат. Эч ким жынысы, түсү, тили, майыптуулугу, кайсы бир этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы сыяктуу жагдайлары боюнча кодулоого алынбашы керек”,- дейт Акыйкатчы.

Андан тышкары баш мыйзамдын 20 беренесинин 3 тарамында баш мыйзамда каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан даражада укуктарга, эркиндиктерге мыйзам менен чектөө коюлушу мүмкүн эместиги белгиленген.

P.S. Люстрация (лат. lustratio) – бул айрым адамдарды мыйзамдык жактан чектеген саясий практика. Ал айрым жарандардын профессионалдык, диний, партиялык ж.б. өңүттөгү ишмердүүлүгүн иликтеп, аларга мамлекеттик кызматта иштөөсүнө, профессионалдык ишмердүүлүгүн аткаруусуна тыюу салып, жеке турмушу тууралуу маалыматтардын ээн-эркин таркатылышына жол берет. (IJz)

XS
SM
MD
LG