Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:04

Орусиядагы өрттүн курмандыктары 48ге жетти


Чукул кырдаал министри кээ бир жерлерде өрт жалыны көзөмөлдөн чыгып кеткенин мойнуна алды. Күнүгө жүздөгөн жерлерде өрттүн жаңы очоктору катталууда. Маалым болгондой, Орусиянын борбордук жана батыш аймактарында быйылкы ысыктын айынан токой тилкелери менен саздар күйүп жатат. Орусиянын батышындагы жети облусту өкмөт көзөмөлгө алып, он миңден ашуун өрт өчүрүүчүлөргө миңдеген ыктыярчылар жардам берүүдө.

Президент Д.Медведев атайын кызматтардын бир катар жетекчилерине абалды толук көзөмөлдөй албагандыгына байланыштуу сөгүш жарыялады.

XS
SM
MD
LG