Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:01

ЕККУ Кыргызстанга куралсыз полиция тобун кийинки айда жиберүүнү көздөйт


Уюмдун Венадагы катчылыгынын маалымат кызматынын жетекчисинин орун басары Фране Мароевич кеңеш берүүчү куралсыз 52 полиция офицерин жайгаштыруунун так мөөнөтү аныктала электигин, бирок бул операциянын техникалык аспектилери такталып бүткөндүгүн "Азаттыкка" билдирди. Мароевич учурда уюм мүчө мамлекеттерден офицерлерин жиберүү сунуштарын кабыл алуунун мөөнөтү ушул жекшембиде аяктай турганын, уюм дагы деле бул ишти каржылоо боюнча сунуштарды күтүп жатканын кошумчалады. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев офицерлерге кандай талаптар коюларын "Азаттыкка" мындайча билдирди:

- Бул топ Кыргызстанга өтө чукул убакта келип калышы мүмкүн. Биз орус тилин билген, биздин үрп-адаттарды түшүнгөн, тажырыйбалуу офицерлерди жибергиле деген талап койгонбуз.

Акыркы жумаларда ЕККУнун полициясын жайгаштырууга каршы Кыргызстанда бир канча нааразылык акциялары өткөн.

XS
SM
MD
LG