Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:29

Ирандык адвокат Түркиядан баш калканч сурады


БУУнун Качкындар агенттиги билдиргендей, ала жипти аттаганы үчүн өлүм жазасына кесилген аялдын коргоочусу Мохамад Мостафае азыр Түркияда камакта. Мостафае 24-июлда Иран полициясы аны камакка алганы келип, таппай калгандан бери дайынсыз жоголуп жаткан. Ал ала жипти аттады деп айыпталган 43 жаштагы эки баланын энеси Сакинея Мохамади Аштиани деген аялдын укугун коргоп жаткан. Эл аралык коомчулуктун айыптоосунан кийин Иран Мохамадди Аштианини таш бараңга алып өлтүрүү чечимин ишке ашырууну кийинкиге калтырган эле.

XS
SM
MD
LG