Кубанын мурдагы президенти төрт жылдан бери биринчи жолу 7-августта депутаттардын алдына келмекчи. Кастро атайын сессия чакырган жана өткөн аптада эгер АКШ менен Израил Иранга каршы анын өзөктүк программасына байланыштуу эл аралык санкцияларды колдосо, ядролук согуш чыгып кетери тууралуу сүйлөй тургандыгын билдирген.