Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

Милиция күчөтүлгөн режимде иштөөдө


Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирет. Бүгүн “Мекен туу” партиясынын түзүүчүсү Урмат Барктабасов Бишкекте ири курултай өткөрүүнү пландагандыктан жана буга байланыштуу түрдүү кеп-сөздөр тарап кеткендиктен милиция менен кошо ыктыярдуу элдик кошуундар да шаарды кайтарууга чыгышты.

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Зарылбек Рысалиев кечээ маалымат жыйынын өткөрүп, У.Барктабасовго издөө салынганын, ага карата мурда эле кылмыш иштери козголгонун, төрт жолу тергөөгө чакырылганы менен келбей койгонун, Бишкекке келсе аны кармоо боюнча иш-чаралар уюштуруларын айткан.

З.Рысалиевдин айтымында, У.Барктабасов бир эле учурда Кыргызстандын да, Казакстандын да жараны болуп саналат. Ага карата Казакстандын тиешелүү органдары коррупциялык иштерге жана экономикалык кылмыштарга катышы бар деген шектенүү менен кылмыш ишин козгогон. Андыктан, эгер Казакстан У.Барктабасовду кармап берүү боюнча кайрылуу жөнөтсө, ал Казакстанда качып жүргөн издөөдөгү кыргызстандыктардын бирөөнө алмаштырылышы да мүмкүн.

Өз кезегинде Башкы прокуратура жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы У.Барктабасовду кармап берүү тууралуу Казакстан тараптан кайрылуу болгону же болбогону тууралуу маалыматтар азырынча берилбесин айтышууда.

Бүгүн Бишкектин эски аянтында У.Бактабасов элдик курултай өткөрөрүн жарыялап, курултайда азыркы абал, андан чыгуунун аргасы, кыргыз келечеги, Кыргызстандын келечеги кеп болору айтылган. Бирок Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин айтымында, аталган курултайдын уюштуруучуларынын бийликти тартып алуу сыяктуу пландары билинип калды. К.Дүйшөбаевдин айтымында, азыр милиция, УКМК, прокуратура кызматкерлери мыкты даярдыкта турушат жана Бишкек шаарында баш аламандыктарга, талап-тоноочулукка жол беришпейт.

Ал арада “Ата мекен”, “Ак шумкар” жана Социал-демократтар партиялары курултайга карата ыктыярдуу элдик кошуундарды мобилизациялашты. “Ата мекен” партиясынан билдиришкендей, мындай чара “5-августта Бишкекте баш-аламдык болот, митингдер өтөт” деген сыяктуу кеп-сөздөрдүн көбөйүшүнөн улам жана талап-тоноочулук орун алып кетпесин деген максатта колго алынууда.

Бүгүн Бишкек шаарында күндүзү 1300 милиция кызматкери, түнкүсүн 1300 милиция кызматкери күчөтүлгөн режимде иштеп, аларга 10 миң чакты элдик кошуундардын мүчөлөрү көмөк кылышмакчы.

Ал эми “Мекен туу” партиясынын төрагасы Кенжалы Сарымсаков болсо, Жогорку Кеңештин жанында өтүүчү курултайга кечээ эле аймактардан делегаттар келишкенин, курултай тынч өткөрүлөрүн, бийликти басып алуу же баш-аламандык уюштуруу алардын планында жоктугун билдирди. (IJz)

XS
SM
MD
LG