Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:51

Мамтил комиссиясынын төрагасы партияларга эскертет


Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Азимжан Ибраимов алдыдагы шайлоолорго байланыштуу бардык саясий партияларга эскертүү кылды. А.Ибраимов “Азаттыкка” билдиргендей, күздө өтчү парламенттик шайлоого карата үгүт иштери башталып, Борбордук шайлоо комиссиясы үгүт иштерин эрте баштоого уруксат берди. Бирок тилекке каршы үгүт иштерин жүргүзүүдө мамлекеттик тил боюнча мыйзамга каршы келген иштер байкалууда. Буга байланыштуу Мамлекеттик тил комиссиясы бардык партияларга үгүт иштериндеги туура эмес иштерин тез арада жоюусу керектигин эскертет.

Анын айтымында, Кыргызстан аймагында эң оболу үгүт иштери кыргыз тилинде жүргүзүлүшү керек. Саясий партиялар БШКдан шайлоого катышуу тууралуу каттоодон өтөрдө документтерин кыргыз тилинде тапшырууга милдеттүү. Кыргызстандын чегиндеги бардык иш-чаралар, жыйындар мамлекеттик тилде өтүшү зарыл, керек болгон учурда аларды ырасмий тилге которсо болот.

Шаар көчөлөрүндөгү керме, такталардагы жарнамалар, дегеле бардык көрүнөө маалыматтар алгач мамлекеттик тилде берилиши керек. Ал жарнамаларды да зарыл учурда ырасмий тилге которсо болот. Ал эми кыргызча жарнамаларды которууда башка тилдеги ариптин көлөмү кыргыз тилиндегисинен чоң болбоого тийиш жана сөзсүз түрдө кыргызча вариантынан кийин же анын алдында гана жазылуусу керек.

А.Ибраимовдун айтымында, эгер бул эрежелер бузула турган болсо, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы ал жарнамаларды алып салууга укуктуу. Ошондуктан партиялар жарнама жана маалыматтарды таратуу маселесин сөзсүз түрдө Мамлекеттик тил комиссиясы менен макулдашуулары зарыл.

“Кыргызстанда калктын 80 пайызы кыргыз тилин билерин, элдин 90 пайызы түркий тилде экенин бардык эле жарнама кылуучулар унутушпасын”,- дейт А.Ибраимов. (IJz)

XS
SM
MD
LG