Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:32

Курултайга келгендер парламентти көздөй жөнөштү


Бишкек шаарындагы Горький аянтында чогулган Урмат Барктабасовдун 2000 чамалуу тарапкерлери жогорку бийлик өкүлдөрү отурган Жогорку Кеңештин имаратын көздөй жөнөштү. Окуя болуп аткан жерден “Азаттыктын” кабарчысы билдиргендей, алар бийликтен Бишкекке өткөрүлбөй аткан У.Барктабасовго тийбөөнү, анын курултайга катышуусуна тоскоол болбоону талап кылышмакчы.

Айта кетсек, “Мекен туу” партиясынын негиздөөчүсү У.Барктабасовду кармоого кечээ санкция берилген. Ушул тапта Бишкекке кирүүчү жолдорго аскер техникалары тартылып, атайын бөлүктүн аскерлери, милиция кызматкерлери келаткан унааларды катуу текшерүүгө алышууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG