Ош шаардык бийлигинин алдында жүз чакты киши топтолуп, борбордук базардын кайрадан ачылышын талап кылышууда. Алардын айтымында, бул жайда он-он беш миңге жакын киши соода кылчу. Алар бир жарым айдан бери ошончо адам жумушсуз калып, атүгүл банктарга насыяларын убагында төлөй албай калышкан айтышты. Нааразы болгондор эгерде маселе оң жагына чечилбесе, соодагерлер нааразычылыктын башка түрүн баштай турганын эскертишти.
Учурда чогулгандардын өкүлдөрү менен Ош шаарынын биринчи вице-мэри Таалай Сабиров сүйлөшүүдө. Ал борбордук базар санитардык-курулуш талаптарына жооп бербей калганын, мындан тышкары массалык башаламандык учурунда өрттөнүп кеткенин айтып, соодагерлерди Батыш кичи районундагы базарга көчүүнү сунуш кылды. (ATo)