Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:33

Орусияда токойдогу өрттөн каза тапкандар саны 50гө жетти


Бүгүн каза тапкандардын экөөсү өрт өчүргүчтөр. Ал Кемерово облусунда көмүр кендин жанындагы өрт менен алышып жатып мерт болушкан. Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, азыр өлкө боюнча дээрлик 600дөй өрт уланып жатат. Өрт Орусиянын борбордук жана батыш аймактары кабылган быйылкы адаттан тыш ысыктан улам келип чыкты. Кечээ президент Дмитрий Медведев Москванын чет жакасында аскер –деңиз базасынын токойдогу өрттөн улам талкаланышына жол берген аскерий жетекчилерди кызматтан алды.

XS
SM
MD
LG