Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:50

У.Барктабасов кармалды

Бүгүнкү митингдердин уюштуруучусу, мурдагы президенттикке талапкер У.Барктабасов кармалды. Аны кармоо операциясын Улуттук коопсуздук кызматкерлери менен Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ишке ашырышты. Ал Ысык-Ата районунун үстүндөгү Сынташ айылынын жанында төрт адамы менен кошо кармалып, жандарынан атуучу куралдар табылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.

Кечки саат 20:00дө УКМКнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев маалымат жыйынын өткөрөрүн жарыялады. Жыйында ал У.Барктабасовду кармоо операциясы тууралуу айтып берери күтүлүүдө. (IJz)
XS
SM
MD
LG