Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

АКШда Э. Абдыжапаровдун чыгармачылык кечелери өтөт


Кыргызстандык режиссер АКШга кино-конференцияга катышканы келип, бул өлкөдөгү кыргыз жамааты менен да жолугушат. Америкадагы кыргыздардын «Кыргызклаб» уюмунун өкүлү Айбек Хакимов "Азаттыкка" билдиргендей, чыгармачылык кече бүгүн Лос-Анжелесте, 13-августта Нью-Йоркто өтөт. Нью-Йорктогу кече кыргыздардын Караван ресторанында уюштурулуп, анда «Боз салкын» тасмасы көрсөтүлөт. Вашингтондо белгилүү киночу менен жолугушуу 14-августта Кыргызстандын АКШдагы элчилиги менен бирге өткөрүлөт. Эрнест Абдыжапаров «Айыл өкмөтү», «Боз салкын» өндөнгөн тасмалары менен ар кыл кароолордон 40тан ашык сыйлыктарды, анын ичинде 6 башкы сыйлыкты алган.

XS
SM
MD
LG