АКШнын Исламабаддагы элчилиги билдиргендей, ошону менен америкалык жардам убадасынын көлөмү 35 миллион доллардан ашты. Сезондук жаандан башталган суу ташкындардан Пакистандын түндүк-батышында бир жарым миңден ашык киши каза тапты, төрт миллиондон ашыгы жабыр тартты. Анын аралыгында, Пакситандын президенти Асиф Али Зардари Лондондо кала берип, бүгүн премьер-министр Дэвид Камерон менен жолугушат деп күтүлүүдө.