Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:36

Тышкы иштер министри Өзбекстанга барат


Өлкөнүн башкы дипломаты Руслан Казакбаев Өзбекстандын Ташкент шаарында 7-августта өтө турган “Борбор Азия жана Жапония диалогу” жыйынына катышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Диалогдун башкы максаты - Борбор Азия өлкөлөрүнүн ички аймактык катнашын өнүктүрүү болуп эсептелет. Анда саясий, интеллектуалдык диалог, аймактык аралык кызматташтык, ишкер чөйрөнү көтөрүү жана маданий, гуманитардык, ошондой эле туризм жактан катнашты өрчүтүү багытында сөз болмокчу. Мындан сырткары Р.Казакбаевдин Жапония тышкы иштер министри менен эки тараптуу жолугушуусу да пландалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG