Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:36

Мындан ары мамлекеттик кызматкерлер тил сынагынан өтүшү мүмкүн


Бул боюнча азыр талкуулар, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Азимжан Ибраимов бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча үч жылдык программа иштелип чыккан. Анын алкагында окуу китептерин чыгаруу, мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө материалдык шарттарды түзүү жана ар кандай көрнөк жарнактардын которулушун көзөмөлдөө аракеттери жүрөт. Мындан сырткары учурда “Майкрософт” компаниясы менен иштешүү башталганын, жакынкы арада кыргыз тилдүү программалары аткарыла баштарын комиссия төрагасы маалымдады. Ошондой эле А.Ибраимов үгүт жарнактар, жарыяларын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча бардык саясий партияларга кайрылуу жолдогонун кошумчалады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG