Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:29

Киргшелк айылындагы окуядан 11 адам жабыркаган


Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Киргшелк айылында “Мекен Туу” партиясынын тарапкерлери менен күч органдарынын ортосундагы тирешүүдө 11 адам жабыркап, ооруканага кайрылган. Алардын бирөө аял. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Света Байтикованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, кайрылгандардын төртөө ооруканага жаткырылган. Алардын баш мээси чайкалганы жана ар кыл даражадагы жаракат алгандыгы айтылды. Маалыматка караганда октон жараат алгандар болгон эмес. (КЕ)

XS
SM
MD
LG