Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:59

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын саммити болот


Буга байланыштуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлери Түркияда бейрасмий жыйынга чогулушкан. Ал жакта өлкө башчыларынын саммитинде каралчу маселелер жана даярдыктар талкууга алынып жатат. Бул тууралуу өлкөнүн башкы дипломаты Руслан Казакбаев “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, саммит ушул жылдын 15-16 сентябрында болмокчу. Маалыматка караганда, жыйынга Өзбекстан менен Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери катышкан жок. “Жыйында эки тараптуу жана көп тараптуу маселелер каралды. Башкысы бул өлкөлөрдүн карым-катнашын бекемдөө, бири-бирибизге колдоо берүү жаатында көп талкуу болду”, - деди Р.Казакбаев.

Өткөн жылы түрк тилдүү өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын жыйынында Нахчеван келишимине кол коюлган болчу. Ага ылайык Стамбул шаарында ушул өлкөлөрдүн катчылыгы жана парламенттер ассамблеясы түзүлөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG