Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:24

Ош шаарында абоненттердин 90 пайызы газ менен камсыз болду


Бул тууралуу Ош облустук газ чарбасынын жетекчисинин орун басары Тахир Алимовдун маалыматына таянып президенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жалпы 58 миң абоненттин 51 миңи газ менен камсыз болду.

Түштүктөгү коогалаңда Ош шаарынын айрым райондорунда түтүктөрдүн керектен чыкканына байланыштуу газ токтотулган болчу. Ушул тапта Черемушка, Фуркат кичи райондоруна, Зайнабидинов көчөсүнө тургундардын көбү көчүп келе элегине байланыштуу көгүлтүр от бериле элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG