Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:47

Хиросима кайгысына 65 жыл толду


АКШ, Британия жана Франциянын расмий өкүлдөрү Хиросима кайгысынын 65 жылдык эскерүү аземине катышты. Жапониянын бул шаарына Дүйнөлүк экинчи согушта өзөктүк бомба ташталып, анда 140 миңден ашык адам набыт болгон. Бул кайгылуу окуяны эске салган азем жыл сайын өтөт. Бирок ага алгачкы ирээт АКШ жана Европанын расмий өкүлдөрү катышууда. Айрым серепчилер АКШнын Жапониядагы элчиси Жон Рустун бул аземге катышуусун президент Барак Обаманын өзөктүк куралдан баш тартуу аракеттеринин белгиси катары баалашууда. Аземге Бириккен Улуттар уюмунун башкы катчысы Пан Ги Мун да катышты.

XS
SM
MD
LG