Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:48

Бүгүн грузин-орус согушу башталганына эки жыл толууда


2008-жылы августтун жетисинен сегизине караган түнү грузин күчтөрү жикчил Түштүк Осетиянын Цинхвали шаарын жана анын айланасын замбиректен аткылаган. 8-августта орус аскерлери Түштүк Осетияга киргизилип, орус учактары Грузиянын ичк аймактарына чабуул баштаган. Бир жумага жетпей грузин күчтөрү сүрүлүп чыгарылган. Августтун аягында Москва Түштүк Осетия менен дагы бир жикчил жумурият Абхазиянын көз карандысыздыгын тааныган. Бул эки аймакты бүгүнгө чейин Венесуэла, Никарагуа жана Тынчтык мухитиндеги чакан Науру мамлекети тааныды.

XS
SM
MD
LG