Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:23

Германия Ооганстанда гумжардам кызматкерлеринин өлүмүн иликтөөгө чакырды


Ооганстандын түндүгүндө табылган 10 өлүктүн бири германиялык жаран болгондугу кабарланууда. Чет элдиктер эл аралык көз догдурларынын соопчулук уюмунда иштеген кызматкерлер болушкан. Чет элдик курмандыктардын калган алтоосу америкалык, бири британиялык болгон. Калган дагы экөө эки ооган котормочулары болгондугун ооган бийликтери ырастады. Талиптердин маалымат катчысы Забиулла Мужахид бүгүн батыш маалымат каражаттарына чет элдиктер «Американын кызыкчылыгында тыңчылык кылып, «христиан динин» таркатып жүрүшкөндүгү үчүн өлтүрүлгөнүн маалымдады. Германиянын өкмөтү бул кылмыш үчүн жоопкерлерди жазалоого чакырды. Ишембиде Ооганстанда мындан жарым ай мурда дайынсыз жоголгон саясатчынын өлүгү да табылды. Ошондой эле эки НАТО аскери окко учту.

XS
SM
MD
LG